Россияда бөтөлкө менен сабалган 24 жаштагы кыргыз жигиттин өлүмүнүн жагдайлары айтылды
RU

Россияда бөтөлкө менен сабалган 24 жаштагы кыргыз жигиттин өлүмүнүн жагдайлары айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жаран бөтөлкө менен сабалгандан кийин каза болду. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги окуянын айрым жагдайларын айтты.

Элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясынын маалыматына караганда, 1-январда 1998-жылы туулган Кыргыз Республикасынын А.О. аттуу жараны башынан жаракат алып, И.И.Джанелидзе атындагы Санкт-Петербург шаарындагы тез жардам илимий-изилдөө институтуна түшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, кафеде ичимдик ичип отурган достордун ортосунда чыр чыккан. Анда А.О. аттуу жигитти мас абалдагы шериги бөтөлкө менен башына чапкан. Анын кесепетинен А.О. баш мээсинен жаракат алып, 7-январда ооруканада каза болгон.

Аталган факты боюнча тергөөчүлөр тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүмү "Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген ден соолукка атайылап оор залал келтирүү" боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда маркумдун сөөгүн Кыргыз Республикасына жөнөтүү үчүн керектүү документтер даярдалууда дешти элчиликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9869