Сизде бул белгилер байкалса D витамини жетишпейт. Кышында аны кантип толуктаса болот?
RU

Сизде бул белгилер байкалса D витамини жетишпейт. Кышында аны кантип толуктаса болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыш мезгилинде кыргызстандыктарга D витамини жетишсиз болуп баштайт дешет Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери. Бул витаминдин жетишсиздиги сөөктөрдөн кальций менен фосфордун жуулуп кетишине алып келерин эскертет. Ошондой эле баланын сөөк тканынын тез өсүшү байкалганда D витамининин жетишсиздиги өзгөчө коркунучтуу.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун маалыматына ылайык, 50 жашка чейин адамга күн сайын 600-800 IU (15-20 микрограмм) D витамини керек.

D витамининин жетишсиздиги төмөнкүдөй белгилер менен коштолот:

  • алсыздык;
  • баш жана булчуңдардын оорушу;
  • табиттин жоголушу;
  • тамактын ачышуусу;
  • уйкусуздук;
  • көрүүнүн начарлашы;
  • эс тутумдун жана нерв системасынын бузулушу;
  • остеопороз;
  • тиштердин эмалынын бузулушу.

Кышында D витаминин кантип толуктаса болот?

Аталган витаминге бай азыктар:

  • кызыл жана майлуу балык, анын боору (айрыкча тресканын боору);
  • кара жана кызыл икра;
  • сүт азыктары: май, сүт, сыр;
  • козу карындар;
  • уйдун жана койдун боору;
  • тооктун жумурткалары.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9878