1-апрелден тарта полиси жок автотранспорт ээлерине айып пул салынат. Кайдан алса болот?
RU

1-апрелден тарта полиси жок автотранспорт ээлерине айып пул салынат. Кайдан алса болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда ушул жылдын 1-апрелинен тарта транспорт каражаттарынын ээлери жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруудан (ОСАГО) өткөрүшү керек. Эгер камсыздандыруу полиси жок болсо жеке жактарга 3000 сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып салына баштайт.

Экономика министрлигинен көпчүлүк жарандар жол кырсыгынын кесепетинен ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууну билбегендиктен ушул мыйзам кабыл алынып жатканын белгиледи.

"Камсыздандыруу полиси болсо каржылык кыйынчылыктар жаралып, жабыркаган тарап менен күнөөлүү тараптын ортосундагы соттук териштирүү узакка созулушу мүмкүн", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Камсыздандыруу полисин алууда кезекке туруп же башка көйгөйлөргө кабылып калбоо үчүн алдын ала алуу сунушталды. Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы полисти кайсы камсыздандыруучу компаниялардан алса болорун тизмектеди:

"Алма Иншуренс"

  • Дареги: Огонбаев көчөсү, 222.
  • Байланыш номери: 0312 43 33 33.

"Атн полис"

  • Дареги: Токтогул көчөсү, 230.
  • Байланыш номери: 0312 34 37 30.

"Арсенал-Кыргызстан"

  • Дареги: Орозбеков көчөсү, 26.
  • Байланыш номери: 0312 39 82 78.

"Аю Гарант"

  • Дареги: Токтогул көчөсү, 126.
  • Байланыш номери: 0312 66 17 84.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму

  • Дареги: Киев көчөсү, 218.
  • Байланыш номерлери: 0312 65 55 25, 0312 65 08 51, 0312 65 08 52.

"Кыргызстан"

  • Дареги: Москова көчөсү, 76б.
  • Байланыш номери: 0312 38 31 31.

"Мега Иншуренс Групп"

  • Дареги: К. Акиев көчөсү, 109.
  • Байланыш номери: 0312 39 16 72.

Улуттук статистика комитети

  • Даректери: Клубный тар көчөсү, 16; Ибраимов көчөсү, 108.
  • Байланыш номерлери: 0312 64 45 55, 0312 64 63 80.

Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company

  • Дареги: Эркиндик бульвары, 21.
  • Байланыш номерлери: 0312 66 00 44, 0312 54 13 73.

Камсыздандыруу полиси канча турат?

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы камсыздандыруу полиси 1680 сом турарын билдирди. Бирок полистин баасы транспорттун түрүнө (кыймылдаткычынын көлөмүнө), айдоочунун жаш курагына жана айдоо стажына, ошондой эле ал жол кырсыгына канчалык көп кабыларына жараша өзгөрүп турат.

Жол кырсыгы болгон учурда камсыздандыруучу компания эмне кылат?

  • жабырлануучунун өлүмү үчүн - 300 миң сом;
  • жабырлануучунун майыптуулугу белгиленсе: I топтогу - 200 миң сом; II топтогу - 150 миң сом; III топтогу - 100 миң сом;
  • эгер бала жол кырсыгынан кийин майып болуп калса - 200 миң сом;
  • майып болууга, жаракат алууга же ден соолугунун бузулушуна алып келсе (амбулатордук жана стационардык дарыланууга иш жүзүндө жумшалган чыгымдар) - 100 000 сомдон ашык эмес;
  • жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыян үчүн – келтирилген зыяндын өлчөмүндө, башкача айтканда, ар бир жабырлануучуга 150 000 сомдон ашык эмес жана бардык жабырлануучуларга 450 000 сомдон ашык эмес каражат төлөнөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9881