19 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду
RU

19 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду

Все самое интересное в Telegram

Бишкектеги ооруканалардын биринде келин каза болду. Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан ырасташкандай, келин төрөттөн кийин ооруканага түшкөн.

Маалымдалгандай, Ысык-Ата райондук ооруканасында 19 жаштагы келин көз жарган. Медициналык жайдан чыккандан кийин анын абалы начарлап, ооруканага түшкөн. Ал жакта бир күн жатып, эртеси туугандары Бишкектеги ооруканага которушкан.

Тилекке каршы, 11-январда келин каза болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9893