13 жашында кордолгон кыздын атасы: "Кызым "мени өлтүрүп кетишпейби" деп кооптонуп калды"
RU

13 жашында кордолгон кыздын атасы: "Кызым "мени өлтүрүп кетишпейби" деп кооптонуп калды"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык соту 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган милиция кызматкерлеринин жаза өтөө мөөнөтүн кыскартты. Бул чечимге жабырлануучу тарап нааразы болушуп, кайрылуу жасашты.

Өспүрүмдүн ата-энеси президентке кайрылып жатып, кызынын учурдагы абалы тууралуу буларга токтолушту.

"Кызым бул зөөкүрлөрдүн айынан өзүнө бир нече жолу өзүнө кол салды. "Тез жардам" кызматы менен ооруканага алып барып, өмүрүн сактап калдык. Бишкек шаардык сотунун чечимин укканда кызым ойго батып "ата, алар 5-6 жылдан кийин чыкса, мени өлтүрүп кетишпейби" деп кооптонуп калды. Кызым биздин тыкыр көзөмөлүбүздө. Психологиясы жабыркаган, ачуусу бат эле келе берет, биз менен сүйлөшүүсү да кыйындап баратат. Окуудан да артта калды. Окугусу келбейт, коомдон четтеп калды. Мектепке барсам "баягы кыз дешет" деп барбай калды. Баягы жаркылдаган кызым жок. Психологго барып жүргөндө соттолуучунун байкеси унаасы менен артынан ээрчип жүрдү. Кызымдын коопсуздугу үчүн адиске да жибербей калдык. Ойносо оюнга тойбогон кызымдын тагдырын талкалап коюшту. Күнөөлүүлөр татыктуу жазасын алышсын", - дейт өспүрүмдүн атасы.

Окуя тууралуу:

Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот 2022-жылдын 8-июлунда башталган. Кылмыш 2022-жылдын февраль айында жасалган. Март айында кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана "Дордой" базарынын күзөтчүсү кармалган.

30-августта Свердлов райондук соту милция кызматкерлерин 15 жылга, ал эми күзөтчүнү 10 жылга эркинен ажыраткан.

2023-жылы 12-январда Бишкек шаардык соту сотунун соттук коллегиясы эки милиция кызматкерине карата райондук инстанциянын өкүмүн жокко чыгарды. Ага ылайык, соттолуучулардын бири 6 жылга, экинчиси 9 жылга эркинен ажыратылды. Үчүнчү айыпталуучу - "Дордой" базарынын күзөтчүсүнүн өкүмү күчүндө калтырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9921