Жалал-Абадда депутат жана аким алдамчылык менен 20 миң доллар ээлеп алганга шектелди
RU

Жалал-Абадда депутат жана аким алдамчылык менен 20 миң доллар ээлеп алганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Альфа Телеком" ишканасынын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директору, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты жана Базар-Коргон районунун акими кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан аткаминерлер алдамчылыкка шектелип жатканын кабарлайт.

Маалымдалгандай, "Альфа Телеком" ишканасынын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директору - Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Э.Б.А. жана Базар-Коргон районунун акими С.Дж.М. кызматка орношууга көмөк көрсөтүү үчүн 20 миң доллар ээлеп алышкан. Ошол эле учурда Э.Б.А. жана С.Дж.М. мурда берген убадаларын аткарбай, жарандын акчасын кайтарбай, коркутууга өтүшкөн.

Чиновниктер 13-январда кармалып, УКМК тергөө абагына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9923