2 адам каза таап, 10дон ашык адам жаракат алган айланма жолдогу кырсыктын видеосу
RU

2 адам каза таап, 10дон ашык адам жаракат алган айланма жолдогу кырсыктын видеосу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда, тагыраагы, Токмок шаарына жакын жерде үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Анда 3 унаа сүзүшүп, анын бири жүргүнчү алып бара жаткан Mercedes-Benz Sprinter болгон.

Kaktus.media редакциясына Чүй облусунун Жол кайгуул кызматынан кырсык бүгүн, 18-январда түшкө маал катталганын айтышты.

Кырсыктын кесепетинен 26 жаштагы жигит окуя болгон жерде, дагы бир адам реанимацияда каза болду. Жабырлануучулар Токмок шаарынын жалпы дарыгерлер практика борборуна жеткирилген. Бардыгы болуп ооруканага 12 жабырлануучу түштү. Арасында төрт жашар бала бар. Учурда үч бейтаптын абалы оор, реанимацияда. Калгандарынын абалы орточо оор деп бааланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9976