Баткенде дагы 30 үй-бүлөгө жаңы конуштун ачкычтары жана 100 миң сомдон тапшырылды
RU

Баткенде дагы 30 үй-бүлөгө жаңы конуштун ачкычтары жана 100 миң сомдон тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде чек ара чырынан үйлөрүнөн ажыраган тургундарга жаңы турак жайдын ачкычтары тапшырылды. Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, Баткен районундагы айылдарда 30 үй пайдаланууга берилди.

Жаңы үйлөр менен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикаим Алимбаев, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана президенттин Баткен облусунун чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов таанышты.

Жаңы турак жай ээлерине өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон тапшырылды.

Турак жайлар заманбап түрдө толук шарты менен бүткөрүлүп берилди. Жакынкы күндөрү дагы бир канча үйдүн курулушу аягына чыгат.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев үй ээлерин ак өргөлүү болуусу менен куттуктап, куттуу үйгө айланышына тилектештигин билдирди.

Жалпысынан чек ара аймагында 45 үйдүн курулушу бүткөрүлүп, колдонууга берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9977