Казакстан - Кыргызстан чек арасынан Чүй дарыясын кечип өтүп бараткан россиялык кармалды
RU

Казакстан - Кыргызстан чек арасынан Чүй дарыясын кечип өтүп бараткан россиялык кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

18-мартта Чүй облусу боюнча УКМКнын чек арачылары чек арадан мыйзамсыз өтүп жаткан Россиянын жаранын камакка алышты. Мындай маалыматты чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү таратты.

Белгилүү болгондой, чек арачылар Казакстандан Кыргызстанга Чүй дарыясынан кечип өтүп бара жаткан жаранды кармашкан. Сурактын натыйжасында мыйзамды бузган адам 1989-жылы туулган Россиянын жараны экени аныкталды.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин мыйзам бузуучу компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/998