Ала-Букада 4 адамга бычак сайган жаран 2 айга камакка алынды. Бир жабырлануучу каза болгон
RU

Ала-Букада 4 адамга бычак сайган жаран 2 айга камакка алынды. Бир жабырлануучу каза болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда адам өлтүрүүгө жана бейбаштыкка шектелип 6 адам кармалды. Маалыматта облустук милициядан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 16-январда милицияга Ала-Бука райондук ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда 1995-жылы туулган А.Ш. аттуу тургун денесине учтуу нерсе менен сайылган жаракатынан улам каза болуп калгандыгын кабарлаган.

Бул маалымат 122-берене (Адам өлтүрүү) жана 280-берене (Бейбаштык) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Жансыз денеге карата соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө Ала-Бука айылындагы "Олигарх" кафесинде 25-30 жаштардагы жигиттердин ортосунда мушташ чыккандыгы аныкталган. Анда Самар аттуу жаран бир топ адамдарга бычак шилтеп, сайып алгандыгы такталган. Анын кесепетинен 4 жаран жаракат алып, ооруканага түшкөн. Алардын бирөө алган жаракатынан улам өзүнө келбей каза болуп калган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында адам өлтүрүүгө шектелип 1997-жылы туулган Ж.С. кармалып, 2 айлык мөөнөткө камакка алынды. Ал эми бейбаштыкка шектелген 1999-жылы туулган Т.Б, 1999-жылы туулган М.Э., 2000-жылы туулган Ж.Д., 1994-жылы туулган Ж.Э., 1994-жылы туулган М.Б. 15 күнгө камакка алынышты.

Учурда кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында объективдүү жана толук кандуу тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9994