Ысык-Көлдө 16 жаштагы кызды зордуктап, жолдо уктап калган жаранга сот чечим чыгарды
RU

Ысык-Көлдө 16 жаштагы кызды зордуктап, жолдо уктап калган жаранга сот чечим чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталган жаран 7 жылга эркинен ажыратылды. Чечим Жогорку Соттун сайтында жарыяланды.

Анда айтылгандай, О.Д.В. аттуу жаран дүкөнгө кирип, 16 жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталган. Ал кылмыштын изин жашырууга аракет кылып, кызды өлтүрөм деп коркуткан. Окуя тууралуу кыздын апасы эртең менен дүкөнгө барганда билген. Анда дүкөндүн эшиги ачык болгон, кызы түн ичинде бир киши зордуктап кеткенин айткан. Жабырлануучу милицияга арызданган. Милиция кызматкерлери шектүүнү жолдо мас абалда уктап жатканда табышып, кармашкан.

Бул окуя боюнча дайындалган экспертиза зордуктоо фактысын тастыктаган.

Кийин соттук отурумда шектүү күнөөсүн толук моюнга алган. Ак-Суу райондук соту О.Д.В`ны күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратып, жалпы режимдеги тарбиялоо колониясында өтөө чечимин чыгарды.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10027