13 жаштагы кызды зордуктоо: Судьялар милициялардын жаза мөөнөтүнүн кыскарышын түшүндүрдү
RU

13 жаштагы кызды зордуктоо: Судьялар милициялардын жаза мөөнөтүнүн кыскарышын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталган милициялардын абактагы мөөнөтү 12-январда Бишкек шаардык сотунун чечими менен кыскарган. Анда 15 жылга эркинен ажыратылган эки милиция кызматкерлеринин бири 9, экинчиси 6 жыл жаза өтөмөй болушкан.

Бул жабырлануучу тараптын нааразычылыгын жаратып, коомчулукта кызуу талкууга алынган. Бүгүн, 16-январда көптөгөн нааразычылыктардан кийин Бишкек шаардык сотунун судьялары жаза мөөнөтүнүн кыскартылышы боюнча түшүндүрмө беришти.

"Тергөө органдары тарабынан 14 жашка чыга элек кызды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаган деп айып тагылган. Бул зордуктоо квалификациясынан айырмаланат. Кылмыш жаңы мыйзам күчүнө киргенге чейин жасалган. Ал эми айып жаңы мыйзам менен коюлуп калган. Мындан улам Свердлов райондук соту тарабынан эки шектүүнүн кылмыш иши мурдагы Кылмыш-Жаза кодексинин 164-беренесине алмаштырылган. Ал эми үчүнчү шектүүнүн жактоочусу кайрылган эмес. Ушундан улам үчүнчү шектүүнүн чечими өзгөртүүсүз калтырылды", - деди Мирад Динеев.

Ошондой эле судья кыздын ата-энесинин соттор пара алды деген шектенүүсүн негизсиз деп атады.

Окуя тууралуу:

Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот 2022-жылдын 8-июлунда башталган. Кылмыш 2022-жылдын февраль айында жасалган. Март айында кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана "Дордой" базарынын күзөтчүсү кармалган.

30-августта Свердлов райондук соту милция кызматкерлерин 15 жылга, ал эми күзөтчүнү 10 жылга эркинен ажыраткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9941