Салык кызматында пара алуу фактысы боюнча жогорку кызматтагылар кармалды
RU

Салык кызматында пара алуу фактысы боюнча жогорку кызматтагылар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондорундагы МСКБ жогорку кызмат адамдары пара алуу фактысы боюнча кармалышты. Бул тууралуу ведомство өз билдирди.

УКМК тарабынан фискалдык органдардын ишиндеги коррупциялык фактыларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, ишкердик субъекттеринин салыктык чегерүүлөрүн мыйзамсыз төмөндөтүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурулгандыгы аныкталды.

2021-жылдын 18-мартында, салык төлөөдөн баш тартууга жардам бергендиги үчүн сыйлык катары 240 миң сом өлчөмүндө пара алуу учурунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук МСКБ башчысынын орун басары К.У.К. жана Бишкек шаарынын

Ленин району боюнча МСКБ инспектору У.А.А. кармалышты.

Такталгандай, аталган жогору кызмат адамдар жеке ишкерлер менен жең учунан сүйлөшүп, жасалма документтерди колдонушуп, Кыргыз Республикасына импорттолуучү товарларга салыктык чегерүү алынып салынгандыгы аныкталды.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда МСК органдарында ушул сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттердин

фактыларын аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1004