Финполициянын кызматкерлери Gergert Sport дүкөнүн жабышты
RU

Финполициянын кызматкерлери Gergert Sport дүкөнүн жабышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Gergert Sport дүкөнүн ЭККМК кызматкерлери мөөр басып жабышты. Алар дүкөндүн ээлерин салык төлөөдөн качкан деп айыптап жатышат. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери маалымдашты.

Алардын айтымында, Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматтын кызматкерлери бажы органдарынын өкүлдөрү менен бирге Gergert Sport дүкөнүнүн ээлери салык төлөөдөн качып, мамлекетке олуттуу материалдык зыян алып келгендигин аныкташкан.

Божомолдоолор боюнча материалдык зыян келитрүүнүн суммасы ондогон миллион сомго жетет.

Белгилей кетсек, Gergert Sport'тун Instagram'дагы расмий баракчасында дүкөн жана кафетерий убактылуу белгисиз мөөнөткө чейин иштебейт, деп жазылып турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/860