Бишкектеги №47 колониянын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон куруу пландалууда
RU

Бишкектеги №47 колониянын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон куруу пландалууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жеткиликтүү ипотекалык турак-жай, өлкөнүн тышкы карызын социалдык долбоорлор жана жашыл демилгелер менен алмаштыруу жөнүндө маалымат берди.

Султанбаев белгилегендей, 2022-жылы май айында Министрлер кабинети менен Германиялык өнүктүрүү банкынын KFW ортосунда Кыргызстандын Германияга болгон суверендүү карызынын шарттарын өзгөртүү жөнүндө "Карызды алмаштыруу IV – Турак жай программасы" макулдашуусуна кол коюлган. Анын алкагында 14,9 млн евро каражат этап-этабы менен "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна берилет.

Бүгүнкү күндө биринчи транш катары 4,966 млн евро берилди.

"Бул каражаттар "Карызды алмашуу IV – Турак жай программасы" макулдашуусунун алкагында өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан башкасы) жашаган жана иштеген, ишмердиктин түрүнө карабастан, бардык категориядагы жарандарга жеңилдетилген ипотекалык насыяларды берүүгө жумшалат.

Ошондой эле бардык аймактарда "Мамлекеттик ипотекалык компания" аркылуу жарандарга бериле турган жеткиликтүү турак жайларды (батирлерди) курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландаштырылууда.

Бишкек шаарында мындай курулуш үчүн участоктордун бири мурдагы №47 түзөтүү колониясынын жери болуп саналат. Анда 10 миң батирлүү кичирайон куруу пландалууда.

Мындан тышкары бул максаттарга - бардык аймактарда жеткиликтүү турак жайларды куруу үчүн донорлор менен финансылык ресурстарды тартуу иштери улантылууда", - дейт президенттин маалымат катчысы.

Эрбол Султанбаев мурда орто эсеп менен жыл сайын 1,3 млрд сомго 1080 ипотекалык батир берилсе, "Менин үйүм 2021-2026" программасын ишке ашыруу алкагында бир жарым жылдын ичинде эле 2536 батир 6,2 млрд сомдон ашык суммага берилгенин белгиледи (2021-жылы 1,6 млрд сомго 732 батир, 2022-жылы 4,6 млрд сомго 1 800 батир).

Ошону менен мурдагы жылдарга салыштырганда каржылоону үч эседен ашык көбөйтүүнү камсыз кылууга мүмкүн болду.

Мамлекет башчынын өнөктөш өлкөлөргө жана каржы институттарына өлкөнүн тышкы карызын жашыл демилгелерди ишке ашыруу үчүн алмашуу боюнча кайрылуусуна алгачкы жооптор келип жатканын белгилей кетүү маанилүү. Айрым өлкөлөр кыргыз тараптын демилгесине кызыгып, жашыл экономика тармагындагы конкреттүү долбоорлор менен Министрлер кабинетинин программасын сунуштоо өтүнүчүн билдиришүүдө", - деп жыйынтыктады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10059