Бишкектеги мурдагы №47 колонияны бузуу иштери кызуу жүрүүдө (сүрөт)
RU

Бишкектеги мурдагы №47 колонияны бузуу иштери кызуу жүрүүдө (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагындагы көп кабаттуу социалдык турак-жай комплекси курула турган жерди демонтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

№47 түзөтүү колониясынын имараттарын бузуу, аймагын тазалоо жана курулуш иштерине даярдоо иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө.

Жапаров белгилегендей, №47 түзөтүү колониясын башка жакка көчүрүүнүн негизги себеби - түзөтүү мекемелерине карата заманбап талаптарга жооп бербеген эскирген имараттары, ошондой эле мекеменин шаардын калк жыш отурукташкан аймакта жайгашып, коомдук коопсуздукка коркунуч туудурганы.

Төрага 5-10 миң адамдын жашоосуна ылайыкташкан көп батирлүү социалдык турак-жай комплексинин бир нече долбоорлору менен таанышты. Анда билим берүү мекемелери жана бала бакчалар, ошондой эле эл аралык стандарттарга жооп берген социалдык турак-жайлар камтылган.

"Келерки жылдан тартып бул жерде курулуш иштери башталат. Социалдык долбоорду ишке ашырууга инвесторлор тартылат", - деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле 5 жыл аралыгында шаарда жайгашкан түзөтүү мекемелерин борбордон тышкары көчүрүү пландалып жатканын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8287