"Чек талап кылып – байге утуп ал!" лотереясынын жеңүүчүлөрү байгелерин алышты
RU

"Чек талап кылып – байге утуп ал!" лотереясынын жеңүүчүлөрү байгелерин алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 30-декабрында ойнотулган "Чек талап кылып – байге утуп ал!" лотереясынын жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырды.

Бүгүн, 25-январда жеңүүчүлөргө телефондор, тиричилик техникалары, автоунаалар жана батир берилди.

Баш байге – Бишкектен бир бөлмөлүү батирдин жеңүүчүсү Сүлүктү шаарынан келген Кыныбек кызы Чынара болду. Батир Асанбай кичи районунда жайгашкан.

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы лотереяны ушул жылдын февраль айынан тарта кайрадан өткөрүүнү убада кылды. Бул ирет лотереянын шарттары өзгөрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10063