"Салык чек" лотереясынын жеңүүчүлөрү аныкталды
RU

"Салык чек" лотереясынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-декабрда "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын 3-утушу өттү. Лотереяга 176 миңден ашуун адам катышты.

Баш байгени, тагыраагы, бир бөлмөлүү батирди Сүлүктү шаарынан Кыныбек кызы Чынара утуп алды. Ал жеңүүчү болгонун телефондон билди.

Ал эми электромобилдерди Таалайбек Эйс менен Дана Өмүрзакова утту.

Бардык сыйлыктар 9-январдан кийин берилет. Утуп алган байгелерге салык салынбайт.

Үчүнчү турда бизнес өнөктөштөрдүн колдоосу менен Бишкектен бир бөлмөлүү батир, эки электромобил, 12 iPhone 13, 11 Samsung смартфону, ошондой эле ар кандай тиричилик техникалары ойнотулду.

Буга чейин Салык кызматынын лотереясынан 369 катышуучу лотереянын шарттарын бузгандыгы үчүн оюндан четтетилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9755