Instagram`дын колдонуучусун сот 100 миң сом айыпка жыкты
RU

Instagram`дын колдонуучусун сот 100 миң сом айыпка жыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмоктун тургуну Instagram`га билдирүү жазып, 100 миң сом айыпка жыгылды. Анын билдирүүсү боюнча улут аралык кастыкты козутуу беренеси менен иш козголгон.

Жогорку Соттун сайтынданы маалыматка ылайык, 2022-жылдын 18-октябрында Токмок шаарынын тургуну Instagram баракчасына ал үчүн башка улуттар жок деген билдирүүсүн жарыялаган. Укук коргоо органдары социалдык тармактын колдонуучусу бул билдирүүсү менен катталуучуларын жана башка адамдарды улуттар аралык кастыкка чакырган деп эсептеген.

Соттук лингвистикалык экспертиза текстте улуттар аралык кастыктын лингвистикалык белгилери бар деген корутунду чыгарган.

Соттук отурумда айыпталуучу улуттар аралык кастыкты козутуу ниети болбогонун, постту мекенчилдиктен улам жазганын жана улуту менен сыймыктанарын айткан. Ал кечирим сураган.

Токмок шаардык соту аны күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айыпка жыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10070