Twitter`деги посту үчүн эркинен ажыратылган аялдын жактоочусу өкүмгө макул эмес
RU

Twitter`деги посту үчүн эркинен ажыратылган аялдын жактоочусу өкүмгө макул эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи Май райондук соту Twitter социалдык баракчасынын колдонуучусун эркинен ажыратты. Анын жактоочусу Арстан Эрматов Kaktus.media сайтына апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылганын билдирди.

"Мен шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылдым. Учурда айыпталуучу кардарым СИЗО-1де. Ал өзүнүн күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, комментарий жазганда бир аз ичип алганын айтты. Биз айып пул түрүндө жаза сураганбыз. Бирок судья Убайдулла Сатимкулов аны бир жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу чечимин чыгарды", - деди ал.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту бишкектик аялды Twitter баракчасында улуттар аралык жаңжалга алып келе турган билдирүүсү үчүн бир жылга эркинен ажыраткан. Соттун аныктамасында айыпталуучунун билдирүүсү социалдык тармактардын башка колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратканы, улуттар аралык жана аймактар ​​аралык кастыкты калыптандыруу үчүн белгилүү шарттарды түзүп жатканы айтылган.

Соттук-медициналык эксперт билдирүү "белгилүү бир улутка карата терс жана кемсинтүү мүнөзгө ээ" деген корутунду чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8696