32 сомго чейин. Бишкекте кайрадан жол кирени көтөрүү долбоору коомдук талкууга коюлду
RU

32 сомго чейин. Бишкекте кайрадан жол кирени көтөрүү долбоору коомдук талкууга коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспорттордун жол акысын жогорулатуу боюнча долбоорду коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, бир жүргүнчү үчүн жол акысы төмөнкүчө жогорулайт:

  • Троллейбус – 15 сом;
  • Менчигинин түрүнө карабастан автобус (кичи жана өзгөчө кичи класстагы автобустардан тышкары) – 15 сом;
  • Менчигинин түрүнө карабастан кичи жана өзгөчө кичи класстагы автобус – 21 сом;
  • Маршрутка – эртең мененки саат 6:00дөн 20:30га чейин 21 сом, кечки саат 20:30дан 6:00гө чейин 32 сом;
  • Экспресс маршрутка – №233, 234 – 22 сом, №123, 226, 252 – 32 сом;
  • Автобус менен троллейбуска жүк ташуу – 40 кг жогору же 50×60×100 см түзгөн жүккө 10 сом.

Коомдук транспортто бир айлык жүрүүнүн акысы:

  • Мектеп окуучуларына – 320 сом;
  • Жалпы (автобус, троллейбус) – 920 сом.
Жаңы тарифтер (12 статей)
Кыргызстанда электр энергиясынын баасы дагы көтөрүлөт
19 Март 2024, 10:55
Январдан баштап жол кире 20 сом болот. Жаңы тариф кимдерге таасир этпейт?
28 Декабрь 2023, 14:26
Накталай 20 сом. Коомдук транспорттордо жол кире көтөрүлөт
27 Декабрь 2023, 13:36
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10083