Январдан баштап жол кире 20 сом болот. Жаңы тариф кимдерге таасир этпейт?
RU

Январдан баштап жол кире 20 сом болот. Жаңы тариф кимдерге таасир этпейт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 2024-жылдын 15-январынан баштап коомдук транспорттордо жол кире көтөрүлөт. Борбор калаа башкармалыгынан жол киренин кымбатташы боюнча түшүндүрмө беришти.

27-декабрда Бишкек шаардык кеңеши тарабынан "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө" Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун долбоору жактырылды. Ага ылайык, жол кире төмөнкүдөй бекитилди:

  • троллейбуста - 17 сом;
  • автобуста – 17 сом;
  • кичи автобустарда - 20 сом;
  • валидаторлор орнотулган автобустарда жана троллейбустарда жол кире акысын накталай төлөсө - 20 сом.

Бул чечимди кабыл алууда бир нече маанилүү факторлор эске алынган дешет мэриядан.

  • Бир жүргүнчүнү ташуунун өздүк наркы иш жүзүндө 19 сомдон ашат. Троллейбустарда, автобустарда жана кичи автобустарда жүрүү үчүн учурдагы тарифтер (11 сом, 15 сом) жүргүнчү ишканаларынын чыгашасынын жогору болушуна алып келет.
  • Шаардын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында борбор калаада экологиялык таза отун менен жүрүүчү чоң сыйымдуулуктагы 1 миңден ашык заманбап автобустар сатып алынды. 2024-жылга карата автобустардын жалпы кубаттуулугун 1,5 миң бирдиктен кем эмес жеткирүү пландаштырылууда, бул шаардын керектөөсүн жаба алат.
  • Коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү үчүн зарыл шарттар түзүлөт (бөлүнгөн тилкелер, кыймыл аралыгын кыскартуу, эртең менен саат 5:30дан түнкү саат 23:30га чейин иштөө ж.б.).
  • Муниципалдык автобустардын жана троллейбустардын айдоочуларынын эмгек акысы 22 миң сомдон 50 миң сомго чейин 2,5 эседен ашык көбөйтүлдү. Жол киренин накталай эмес төлөм системасына өтүү да оң натыйжаларды берип, акча агымынын жана жүргүнчүлөрдүн агымынын ачыктыгын камсыз кылууда.

Белгилей кетсек, тарифтердин көтөрүлүшү автобустарда жана троллейбустарда бекер жүрүүгө укугу бар Бишкек шаарынын төмөнкү категориядагы жарандарына таасирин тийгизбейт:

  • пенсионерлер;
  • ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, I, II, III топтогу майыптыгы бар адамдар;
  • бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
  • 7 жашка чейинки балдар;
  • өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда "Кыргызпочтасы" мамлекеттик почталык ишканасынын почтальондоруна таасирин тийгизбейт.

Бишкек шаарындагы пенсионерлерде кичи автобустук каттамдарда пенсиялык күбөлүккө жеңилдетилген картасы бар болсо саат 9:00дөн 17:00гө чейин 8 сом өлчөмүндө жол кире төлөйт. Көрсөтүлгөн убактан тышкары учурларда жаңы тариф менен төлөйт.

Мектеп курагындагы балдар айына 360 сомдук, ал эми чоңдор айына 1020 сомдук стандарттуу чексиз жол билеттерин сатып ала алышат.

Жаңы тарифтер (12 статей)
Кыргызстанда электр энергиясынын баасы дагы көтөрүлөт
19 Март 2024, 10:55
Накталай 20 сом. Коомдук транспорттордо жол кире көтөрүлөт
27 Декабрь 2023, 13:36
Жылуулук жана ысык сууга болгон тарифти көтөрүү сунушталууда. Бирок баары үчүн эмес
15 Сентябрь 2023, 10:48
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15225