Бишкек мэри таштандынын тарифин көтөрүү менен шаар таптаза болорун айтты. Видео
RU

Бишкек мэри таштандынын тарифин көтөрүү менен шаар таптаза болорун айтты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 31-январда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын отуруму болду. Анда таштанды маселеси талкууланды.

Талкуу учурунда шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров тарифти жогорулатуу менен калаа таза болуп каларын айтты. Ал орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин депутаттардын суроосуна так жооп бере албаганы үчүн нааразы болуп, өзү жооп берди.

"Өзгөрөт, шаар таза болот деп айтпайсыңбы! Духуң жетпейби ошого? Мындай, тигиндей деп айлантып, барыңар саясатчы болуп кеткенсиңер! Таптаза болот шаар. Мына 74 техникага акча бөлүп бердиңер, тендерди өткөрдүк, акчасын котордук. Техника жаңы болот, шаар таза болот. Таштандылар үчүн контейнерлердин түрүн коёбуз. Чогу тазартабыз. Духуңар жетпесе эмнеге иштеп жүрөсүңөр бул жерде кыңк-мыңк деп. Таза болот деп айткыла да", - деп нааразы болду.

Калаа башчысы тарифти көтөрүүгө каршы болгон депутаттарга кайрылды.

"Мурдагы жетекчилер элге жаман көрүнгүсү келбей, тарифти көтөрүү маселесин көтөрүшкөн эмес. Бирок маселени чечүү керек, биз ал үчүн жоопкерчиликти алышыбыз керек. Буга айрым депутаттар каршы, бирок эртең районуңар таштандыга толуп кетсе, бишкектиктерге эмне дейбиз? Депутаттар тарифти көтөрүү демилгебизди колдобогону үчүн бизге маселени чечүүгө уруксат берген жок дейбизби? Бул учурдун талабы", - деди Абдыкадыров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10141