"Куру сөз", "Эмнени көп көрсөң ошол чыга баштайт". TikTok`ту жабуу сунушу боюнча пикирлер
RU

"Куру сөз", "Эмнени көп көрсөң ошол чыга баштайт". TikTok`ту жабуу сунушу боюнча пикирлер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште айрым депутаттар TikTok социалдык тармагын жабууну сунуштап келишет. 1-февралдагы парлмаент жыйынында Шайлообек Атазов бул маселени дагы көтөрүп, TikTok жаштарды жаман жакка бурууда деген пикирин айтты. Депутаттын мындай пикирин кесиптеши Таалайбек Масабиров колдоду.

Эл өкүлдөрүнүн мындай сунушуна аталган тиркеменин активдүү колдонуучулары, айрым белгилүүлөр каршы пикирлерин айтып чыгышты.

Алсак Кыргыз Эл артисти Бек Борбиев TikTok`ту жакшы жакка колдонсо болорун айтат.

"TikTok бул Facebook, Instagram сыяктуу эле тиркеме. Жакшы жагынан колдонуп, сабак өтүп, ыр окуп, ырдап, диний сабат жоюп жаткандар абдан көп. Ооба, акылдуу тиркеме, эмнени көп көрсөң ошого окшош маалыматтар чыга баштайт. Жаманды, негативди көргүң келсе алар дагы уламдан-улам чыга баштайт. Жашоодогудай эле, эмнени издесең, ошону табасың. Андыктан кеп тиркемеде эмес, биздин башыбызда. Жабабыз десеңер анда жалпы интернетти жапкыла. Анткени "жаман" нерсени ар бир тиркемеден тапса болот", - деп жазат ал.

TikTok`ту пайдалуу маалыматтарды алууга колдонгонун алып баруучу Назира Айтбекова айтып чыкты.

Илим Карыпбеков TikTok сервиси жабылбай турганын, бул куру сөз экенин айтат. Ал тиркемеге кирип алып "жаман нерселерди чукулабасаңар" жалаң жакшы нерсе эле чыгат дейт.

Жеке ишкер Рысгүл Акимжанова бир тиркемени жаап коюу менен маселе чечилбей турганын, социалдык тармактын колдонуучусу эмнени көргүсү келсе интернеттен таап аларын белгиледи.

Ал эми жөнөкөй интернет колдонуучулар арасында TikTok`ту жабуу керек деген пикирдегилер да жок эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10163