"Уят го". Шайлообек Атазов TikTok сервисине бөгөт коюуну сунуштады
RU

"Уят го". Шайлообек Атазов TikTok сервисине бөгөт коюуну сунуштады

Все самое интересное в Telegram

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов TikTok социалдык тармагына бөгөт коюуну сунуштады. Айтымында, бул сервис жаштарды жаман жакка бурат.

"Маданият, маалымат министрине тапшырма берип, TikTok`тун жаман жакка буруп жатканы боюнча иш алып барбайсыңарбы? Уят го эми. Үй-бүлө менен кантип көрүп жатат? Биздин мамлекеттин улуттук баалуулуктары, саясаты да болушу керек да. Ошону карап жаткан тармак эмне кылып жатат? Өзбекстан менен Казакстанда жок го. Ушуга көңүл буруп койсоңуздар", - деди ал.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда TikTok 2021-жылы бөгөттөлгөн. Бирок ага "Жеке маалыматтар жөнүндө" мыйзамдын бузулушу себеп болгон. Казакстанда социалдык тармакка тыюу салынган эмес.

Буга чейин TikTok`ту жабууну депутаттар Жаныбек Кыдыкбаев, Надира Нарматова сунуштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10145