Бир катар медкызматкерлер 19 жаштагы эненин өлүмү үчүн жазаланды
RU

Бир катар медкызматкерлер 19 жаштагы эненин өлүмү үчүн жазаланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттык сактоо министрлигинде министр Гүлнара Баатырованын төрагалыгы алдында энелердин өлүмүн азайтуу боюнча республикалык комиссиянын отуруму болду. Анда Чүй облусундагы Ысык-Ата жалпы дарыгердик практика борборунда көз жарып, каза болгон 19 жаштагы келиндин окуясы каралды.

Келиндин өлүмү боюнча иликтөө жүрүп, анда медициналык жардам көрсөтүүдөгү кемчиликтер айтылды. Көз жарган эненин өлүмү полиоргандык жетишсиздиктин натыйжасында сепсистин өнүгүшүнөн болгон деген тыянак белгиленди. Соттук-медициналык экспертизанын жана гистологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек болгондуктан, мындай корутунду берилген медициналык документтердин негизинде чыгарылган.

"Жаш эненин өлүмү анын үй-бүлөсү үчүн дагы, биз үчүн дагы чоң трагедия. Эмне үчүн биринчи баскычтан баштап, үчүнчү деңгээлге чейин биз, дарыгерлер, анын абалын көз жаздымда калтырдык? Бардык кемчиликтер үчүн күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алышы керек", - деди министр Гүлнара Баатырова.

Отурумдун жыйынтыгында:

  • ыкчам акушердик жардамды сапаттуу көрсөтүү боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарынын иш-аракеттерин жетиштүү координация жасабагандыгы үчүн Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Б.К.Мамытовага сөгүш жарыяланды;
  • Эненин өлүмүнө алып келген ыкчам акушердик жардам көрсөтүүнү начар уюштургандыгы үчүн Ысык-Ата райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Мукаева Р.М.;
  • директордун орун басары Сабырова Н.Э.;
  • төрөт бөлүмдүн башчысынын милдетин аткаруучу Бегалиева А.Н.;
  • Санавиация тармагындагы функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн (санавиациянын линиясы аркылуу чыгуудан баш тарткандыгы үчүн) №1 төрөт үйүнүн акушер-гинекологу А.М.Маматалиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле аталган оорукананын айрым кызматкерлерине укук коргоо органдары тарабынан юридикалык баа берилгенден кийин чара көрүлөрү айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10183