Президент бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору боюнча жумушчу топ түздү. Топтун курамы
RU

Президент бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору боюнча жумушчу топ түздү. Топтун курамы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамынын долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө тескемеге кол койду. Маалыматты президенттин администрациясынан билдиришти.

Жумушчу топ 2023-жылдын 1-июнуна чейин мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкуулоого алып чыгышы керек.

Жумушчу топтун курамына киргендер:

  • Укушов Мурат Каниметович - президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
  • Айылчиев Алмаз Асимович - президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары, укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
  • Туратбек уулу Акылбек - президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын эксперти;
  • Акулуев Урмат Шабынович - Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын жетекчиси;
  • Ажыбаев Майрамбек Рысмендиевич - Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча башкармалыгынын методологиялык иш бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Курманбаева Аида Маратовна - "Адилет" укуктук клиникасы" коомдук фондунун өкүлү;
  • Аскарбеков Айбек Аскарбекович - "Жарандык катышуу" коомдук фондунун өкүлү;
  • Качикеева Бакыта Женишбековна - "Стратегиялык чечимдер" коомдук фондунун өкүлү;
  • Эргешбаева Таттибубу Нурбековна - "Кей Джи юристтер коомчулугу" коомдук фондунун өкүлү;
  • Дуйшенбеков Нурдин Ракымбаевич - "Журналисттер" коомдук бирикмесинин өкүлү;
  • Какеев Искендер Бакытович - "Сорос Кыргызстан" коомдук фондунун өкүлү;
  • Ускенбаева Гульнара Тураровна - "Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү;
  • Умуралиева Калича Кусеиновна – "Биздин укук" коомдук фондунун өкүлү;
  • Байжуманова Аида Сарайбековна - "Укуктук кыймыл: Бир Дүйнө - Кыргызстан" коомдук бирикмесинин өкүлү;
  • Добрецова Надежда Николаевна - "Өнүктүрүү саясий институту" коомдук бирикмесинин өкүлү;
  • Чиркина Галина Эдуардовна - "Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянс" коомдук бирикмесинин өкүлү;
  • Ашуров Азизбек Джусунбекович - "Чек арасыз Фергана өрөөнүнүн юристтери" коомдук бирикмесинин өкүлү;
  • Ашуралиева Тахмина Мирзалыевна - көз карандысыз юридикалык эксперт;
  • Сатыбеков Бакытбек Эркинович - "Жарандык демилгелерди илгерилетүү боюнча альянс" коомдук бирикмесинин өкүлү;
  • Жуманазарова Аида Байышбековна - Эл аралык коммерциялык эмес укук борборунун өкүлү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10263