Коммерциялык эмес уюмдун өкүлдөрү Надира Нарматованын демилгесин четке кагууну суранышты
RU

Коммерциялык эмес уюмдун өкүлдөрү Надира Нарматованын демилгесин четке кагууну суранышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Надира Нарматова "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамына, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Бул демилегеге Кыргызстандын жарандык коомунун өкүлдөрү тынчсыздануусун билдиришип, президентке, Жогорку Кеңешке, министрлер кабинетине жана акыйкатчыга кайрылышты.

Кайрылууда Надира Нарматова 2014-жылдын 26-майында Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев менен биргеликте Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ушул сыяктуу өзгөртүүлөрдү парламентке киргизген, анда "чет элдик агент" түшүнүгүн киргизүү аракети болгон деп айтылат.

Коомдук талкууга кайрадан киргизилген мыйзам долбоору да негизги демократиялык принциптерге каршы келген басмырлоочу ченемдерди камтыйт жана ал кабыл алынган учурда коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ишин олуттуу чектейт дешет алар.

(Мындан ары текст кыскартылган түрдө берилет)

Мыйзам долбоору бардык коммерциялык эмес уюмдар үчүн оор талаптарды коюуну сунуштайт.

"Чет өлкөлүк өкүлдүн функциясын аткаруучу коммерциялык эмес уюм" деген түшүнүктү киргизүү сунушталат, мында бул түшүнүккө өзүнүн уставдык максаттарына жетүү үчүн чет өлкөлүк булактардан киреше алган кайсы болбосун коммерциялык эмес уюм кирет. Демократиялык өлкөлөрдө "чет өлкөлүк агент" деген түшүнүк да бар. Бирок сунушталган түшүнүктөн айырмаланып, чет өлкөлүк агенттин негизги белгиси болуп ортомчулук кызмат көрсөтүүлөр (агент менен принципиалдын өз ара мамилеси) саналат, башкача айтканда, чет өлкөлүк агент принципиалдын кызыкчылыгында гана аракеттенет, мында чет өлкөлүк агент катары кайсы болбосун жак (жеке жана/же юридикалык жактар, көбүнчө коммерциялык уюмдар) чыга алат.

Коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөлүк каржылоо мыйзам долбоорундагыдай "чет өлкөлүк агент (өкүл)" түшүнүгүнүн аныктоочу белгиси болбошу керек. Антпесе КЭУнун киреше булактарына негизсиз жана өлчөмсүз чектөө коюлат.

Эгерде мыйзам долбоорунун максаты чет мамлекеттердин жана айрым адамдардын кызыкчылыктарында аракеттенген жактарды аныктоо болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн түшүнүк коммерциялык эмес уюмдарга гана эмес, коммерциялык жана жеке жактарга да тиешелүү болушу керек. Болбосо коммерциялык эмес уюмдар үчүн мындай чектөө максатка ылайыксыз болуп саналат.

"Чет өлкөлүк өкүлдүн функциясын аткаруучу коммерциялык эмес уюм" деген түшүнүктүн дагы бир белгиси - Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүүчү саясий ишмердик болуп саналат. Ошондой эле мыйзам долбоорунда саясий ишмердүүлүк түшүнүгү баяндалган - эгерде КЭУнун уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн максаттарга жана милдеттерге карабастан мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн максаттарда коомдук пикирди калыптандырууга багытталган чечимдерди кабыл алууга таасир этүү максатында саясий акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышса (анын ичинде каржылоо жолу менен), КЭУ саясий ишке катышуучу деп таанылат.

"Бирок мындай аныктама "саясий ишмердик" түшүнүгүнө ылайык келбейт, анткени саясий ишмердик - бул бийликтеги мамлекеттин иштерин башкарууга катышууга багытталган саясий эркти жүзөгө ашыруу боюнча иш.

Коммерциялык эмес уюмдар бийликтеги мамлекеттин иштерин башкарууга умтулбагандыктан, саясий ишмердикти жүзөгө ашырышпайт", - деп айтылат кайрылууда.

Ал эми "Мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө багытталган чечимдерди кабыл алууга таасир этүү максатында саясий акцияларды өткөрүү, ошондой эле көрсөтүлгөн максаттарда коомдук пикирди калыптандыруу" аныктамасы "Коомдук саясат" түшүнүгүнө ылайык келет.

Жогоруда көрсөтүлгөн түшүнүктөрдү алмаштыруу менен депутаттар биздин Конституцияда кепилденген чечимдерди кабыл алуу процессине катышуу укугубузду чектөөгө аракет кылып жатышат. Башкача айтканда, биздин демилгечилер аларды депутат, президент кылып шайладыбы, анда алар кабыл алган бардык чечимдерге ыраазы болушу керек деп эсептешет.

Жарандардын мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуусу мамлекет менен жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы кабыл алынган жана таанылган формасы болуп саналат. КРнын Конституциясында белгиленгендей, биздин өлкө - социалдык мамлекет, анын саясаты адамдын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө багытталган", - деп белгиленет.

"Коомдук саясат - бул конкреттүү коомдук кызыкчылыктарды илгерилетүү жана коргоо максатында уюшкан жарандардын мамлекетке жана коомго бийликти талап кылуучу активдүү таасири эмес. КЭУнун функцияларынын бири болуп коомдук пикирди калыптандыруу жана мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатты жакшыртууга таасир этүү саналат жана бул КЭУну чет өлкөлүк өкүл катары каттоо үчүн негиздердин бири болуп саналбайт. Анткени жогоруда чет өлкөлүк өкүлдөр чет өлкөлөрдүн же айрым адамдардын кызыкчылыктарында гана аракеттенет, ал эми КЭУ коомдук саясатты жүзөгө ашыруу менен Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарында гана иштейт деп баяндалган.

Мыйзам долбоору Юстиция министрлигине КЭУнун ички иштерине кийлигишүүгө кеңири укук берүүнү сунуштай турганы айтылат.

Ушуну менен мыйзам долбоору ашыкча бюрократияны, коммерциялык эмес уюмдар үчүн тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жаратат, алар коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салууда параллелдүү колдонулбайт. ЕККУ/ДИАУБ жана Венеция комиссиясы тарабынан 2015-жылы иштелип чыккан Бирикмелердин эркиндиги боюнча жетектөөчү принциптерге ылайык кайрымдуулук же коомдук-пайдалуу уюмдун атайын статусуна ээ болбогон, аларга белгилүү бир жеңилдиктерге укук берген КЭУлардын ишин укуктук жөнгө салуу коммерциялык уюмдардын ишин укуктук жөнгө салууга окшош болууга тийиш.

"Биздин көз карашыбыз боюнча коом жана мамлекеттик органдар өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп жаткан Кыргызстандын коммерциялык эмес уюмдарынын ишинин маанилүүлүгүн жана масштабын толук түшүнө элек. Алар мамлекет жана рыноктук институттар тийиштүү деңгээлде аткара албаган функцияларды аткарышат, ошону менен коомдогу социалдык чыңалууну төмөндөтүшөт", - дешет кайрылуу жасагандар.

Мыйзам долбоорунун көптөгөн жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, адамдын биригүү эркиндигине болгон укугун бекемдеген негизги демократиялык принциптерге, ошондой эле мамлекет өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерге карама-каршы келет.

Мыйзам долбоору "КЭУлар үчүн чет өлкөлүк жардам – бул Кыргызстанга коркунуч туудурган туруксуздаштыруучу күч" деген идея менен жетектелет. Бирок Кыргызстанга чет өлкөлүк жардамдын эң чоң бөлүгү мамлекеттик органдар аркылуу берилет. Ал эми чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар жардамдын олуттуу бөлүгүн коммерциялык секторго бөлүшөт. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын КЭУ секторуна гана чет өлкөлүк жардам көрсөтүүдөн улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүү деп көрүү адилетсиздик.

"Демократия калыптанган бардык өлкөлөрдө уюмдар (анын ичинде КЭУ) чет өлкөлүк каржылоону ала алышат жана аны ар кандай иш-аракеттер үчүн пайдалана алышат: мыйзамдык реформаларды илгерилетүү, ар кандай маселелер боюнча мамлекеттин саясатына каршы чыгуу, шайлоого байкоочулар катары катышуу же тигил же бул чөйрөдө саясатты иштеп чыгууда мамлекетке жардам берүү жана башкарлар", - дешет жарандык коомдун өкүлдөрү.

Демократиялык өлкөлөрдө чет өлкөлүк каржылоо маселелеринде айрым чектөөлөр уюмдардын тар топторуна (мисалы, саясий партияларга) жана так аныкталган ишмердикке (мисалы мамлекеттик органдарга талапкерлерди колдоо үчүн шайлоо кампанияларын каржылоо) байланыштуу болот. Жарандардын мындай чектөөлөрү жана жоопкерчиликтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында да белгиленген.

"Албетте, Кыргызстан улуттук коопсуздукка жана эгемендүүлүккө коркунучтарды болтурбоо боюнча чараларды көрүшү керек. Бирок өлкөнүн көз карандысыздык жылдарында КЭУну Кыргызстанга зыян келтирүү үчүн колдонуунун бир да фактысы болбогондугун эске алуу менен КЭУну бул коркунучтун өзгөчө булагы катары кароо жаңылыш пикир, максатка ылайыксыз болуп саналат. Улуттук коопсуздукка жана эгемендүүлүккө коркунуч ар кандай адамдардан, анын ичинде жеке жактардан жана коммерциялык уюмдардан келип чыгышы мүмкүн, бирок коммерциялык уюмдарга карата мындай чектөө жок.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө Кыргызстан парламентке, президентке жана өкмөткө жарандардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча негизги миссиясын жүзөгө ашырууда көмөк көрсөткөн, адамдын фундаменталдык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жана коргоо маселелери боюнча Борбордук Азиядагы жана КМШдагы эң прогрессивдүү өлкөлөрдүн бири катары ээ болгон кадыр-баркын жоготту.

Мыйзам долбоорунун жоболору Кыргызстандын ансыз деле туруксуз абалын начарлатып, адам ресурстарын өнүктүрүү, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, демократиялык мамлекет катары туруктуу позицияларды колдоо үчүн өз жарандарынын жана эл аралык коомчулуктун колдоосунан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн алсыратып жатат.

Коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигинин эркиндигин чектөө өлкөнүн өнүгүүсүнө эч кандай салым кошпойт деп ишенебиз. Мыйзам долбоорун кабыл алуу көпчүлүк коммерциялык эмес уюмдардын ишин токтотууга алып келет, калктын жана мамлекеттин кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирет, ошондой эле Кыргызстандын демократиялык өлкө катары эл аралык аренадагы беделине доо кетирет", - деп айтылат кайрылууда.

Кайрылуу жасагандар:

Жогорку Кеңештин депутаттарынан Нарматова Надира тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун четке кагууга;

Президенттен негизги адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга.

Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынан адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн келтиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9383