Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнө барды. Кандай тосуп алышты?
RU

Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнө барды. Кандай тосуп алышты?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-февралда абактан чыкты. Ал колониядан чыккандан кийин Кой-Таштагы үйүнө барды. Аны жакындары жана тарапташтары "Ура!" деп кыйкырышып, кол чаап тосуп алышты.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-февралда Жогорку Соттун судьясы Азиз Батукаевдин иши боюнча Атамбаевдин өкүмүн жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жокко чыгарды.

Бүгүн, 14-февралда Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин чет жакка чыгып дарылануусуна уруксат берди.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары анын чет өлкөдө дарылануусуна уруксат берүүнү соттон суранышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10336