"I'll be back". Боштондукка чыккан Атамбаев Испанияда дарыланарын айтты
RU

"I'll be back". Боштондукка чыккан Атамбаев Испанияда дарыланарын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыкты. Ал өзүнүн пландары тууралуу суроолорго жооп берип жатып Испанияга барып дарыланарын айтты.

"Чынын айтсам, мен дарыланышым керек. Бирок мен мурдагыдай эле кайра келем. I'll be back. Мага коюлган айыптардын баары негизсиз экенин айтып келгем", - деди Атамбаев.

Үч жарым жыл абакта отуруу оор болгонун кошумчалады.

Ал эми саясатка кайтып келеби деген суроого "убакыт көргөзөт" деди. Ошондой эле Сооронбай Жээнбековду "Кудайга койдум" деп комментарий берди.

Алмазбек Атамбаев колдоо көрсөткөндөргө рахмат айтып, Кой-Ташка кетти.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-февралда Жогорку Соттун судьясы Азиз Батукаевдин иши боюнча Атамбаевдин өкүмүн жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жокко чыгарды.

Бүгүн, 14-февралда Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин чет жакка чыгып дарылануусуна уруксат берди.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары анын чет өлкөдө дарылануусуна уруксат берүүнү соттон суранышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10335