Медреседе катуу сабалган 12 жашар баланын окуясы. Кол көтөргөндөр жоопко тартылган эмес
RU

Медреседе катуу сабалган 12 жашар баланын окуясы. Кол көтөргөндөр жоопко тартылган эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусундагы медреседе 12 жаштагы бала катуу сабалып, эс-учун билбеген абалда ооруканага түшкөн. Окуянын жагдайларын Ош ОИИБден Kaktus.kg сайтына айтып беришти.

Маалым болгондой, 2022-жылы 9-декабрда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө кабар түшкөн. Анда Көк-Жар айыл аймагынын тургуну 12 жаштагы М.А. денесинен жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгүн аймактык ооруканадан билдиришкен.

Аталган окуя Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден-соолукка оор залал келтирүү) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Баланын денесиндеги жаракаттардын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, оор жаракат алган деген корутунду чыккан. Кылмыш ишинин жүрүшүндө күбөлөр суралган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жогорудагы кылмыш 13 жаштагы К.К., М.Э., М.А., жана 12 жаштагы Э.А. тарабынан жасалгандыгы аныкталып, алардын кыймыл-аракеттеринде 130-беренесинде каралган кылмыштын курамы бар экендиги такталган. Бирок окуя болгон учурда балдардын жаш курагы 13тө болгондуктан жоопкерчиликке тартылган эмес. Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, жашы он төрттө болсо кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жогоруудагы балдардын курагы 14 жашка толбогондуктан аталган кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыз-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пункту менен өндүрүштөн кыскартылган. Ошол эле учурда кылмышка шектүүлөр атайын каттоого алынып, ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндөгү Кодекстин 102-беренесинин 2-бөлүмүнүн (ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде айып пул салынган.

Ал эми "Рауза" атындагы медресенин тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан, ал медресени жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилди.

Бул жагдай боюнча жабырлануучу тарап жарандык тартипте сот органдарына кайрылууга укуктуу дешет милициядан.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10397