"Мен бул жакта жашаштан корком". Чек арадагы айылда жашаган бала Садыр Жапаровго кайрылды
RU

"Мен бул жакта жашаштан корком". Чек арадагы айылда жашаган бала Садыр Жапаровго кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кок-Таш айылынын тургуну, кичинекей Адил президент Садыр Жапаровго кайрылды. Өзүнүн видео кайрылуусунда Тажикстан менен чек ара маселесин чечип берүүнү суранган. Видео Next TV телеканалынын социалдык тармактарына чыккан.

Кыскача видеодо мектеп окуучусу Тажикстан менен чектешкен айылда жашоодон корко турганын айтып, үйүнүн артында, эки метр аралыкта Тажикстандын аймагы башталганын көрсөтөт.

"Урматтуу Садыр Жапаров, менин атым Адил. Мен Баткендин Кок-Таш айылынан болом. Былтыр менин үйүмдү өрттөп кетишкен. Мен бул жакта жашаштан корком. Анткени эки метрде тажиктер жайгашкан", - деп Адил айтып берди.

"Ушул чек ара маселесин чечип берүүңүздү суранам", - деп ал мамлекет башчысына кайрылды.

Эске салсак, февралдын башында Ысык-Көлдүн Балбай айылынын окуучусу Садыр Жапаровго жаңы мектеп салып берүүнү суранып кайрылган. Бул видео социалдык тармактарга жайылып, кызуу талкууну жараткан болчу. Бекболот, эгер президент мектеп салып берсе, эл аны жакшы көрүп баштайт, деп айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1039