Жапаровго мектеп салып бериңиз, деп кайрылган бала президент менен жолугат
RU

Жапаровго мектеп салып бериңиз, деп кайрылган бала президент менен жолугат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун, Түп районундагы Балбай айылынын экинчи класс окуган окуучусу Бекболот Бактыбеков президент менен жолугат. Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына Facebook "Поколение best" кыймылынын башчысы Нуриля Чолпонбаева жазган.

Белгилей кетсек, Бекболот президентке видео аркылуу кайрылып, алардын айылына эки кабат мектеп куруп берүүнү суранган. Бул видео соцтармактарга жайылып кеткен.

"Жаңыдан жакшы окуп келатсак, мектеп көгөрүп, кайрадан онлайн окуп жатабыз. Ошо болмок беле? Давай эки этаж мектеп салгыла! Салсаңар анан силерди эл-журт жакшы көрө баштайт", - деди Бекболот.

Белгилүү болгондой, Бекболот айтып жаткан мектеп 2015-жылы эксплуатацияга берилген. Бирок кыш айларында мектептин дубалдары көгөрүп, ошонун айынан имаратта жагымсыз жыт пайда болот. Ошого байланыштуу окуучулар онлайн-окутууга аргасыз болушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/673