"Пирамида" жана "5-каналдын" тагдыры качан чечилери айтылды
RU

"Пирамида" жана "5-каналдын" тагдыры качан чечилери айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлү Камила Талиева "5-канал" жана "Пирамида" телеканалдарынын кызматкерлеринин тагдырына кызыкты. Ал журналисттер жумушсуз отурганын белгиледи.

Депутаттын суроосуна мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров "телеканалдардын абалы анча жакшы эмес, карыздар бар" деп жооп берди.

"Мекеме "5-каналды" Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүүнү сунуштоодо. Бул маселени Бишкек шаардык кеңеши чечиши керек. БШК азырынча макул боло элек. "Пирамида" каналы уставдык капиталды көбөйтүү үчүн "Кыргызалтын" ААКсына өткөрүлөт. Компания макул", - дейт Бакиров.

Талиева жумушсуз калган телеканалдардын кызматкерлери митингге чыкканга чейин процессти тезирээк бүтүрүүнү суранды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10407