Бардык облустук телеканалдар УТРКнын карамагына өттү
RU

Бардык облустук телеканалдар УТРКнын карамагына өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун жарплыгы менен облустук телерадио компаниялар Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) карамагына өттү. Бул боюнча Юстиция министрлигинин сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасын бириктирип, бардык укуктарын жана милдеттерин УТРКга өткөрүү менен кайра уюштуруу тапшырмасы берилген.

Мындан сырткары, УТРКнын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну, ошондой эле корпорацияны техникалык модернизациялоо үчүн кошумча каражат бөлүүнү буйруган.

Мунун максаты улуттук жана аймактык телеканалдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ушундай чечим кабыл алынгандыгы айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8039