Баткенде чек арачынын капысынан аткан огунан 20 жаштагы жоокер каза тапты
RU

Баткенде чек арачынын капысынан аткан огунан 20 жаштагы жоокер каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде чек ара кызматынын жоокери куралга этиятсыз мамиле кылып, анын кесепетинен 20 жаштагы жоокер каза тапты. Маалыматты УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Окуя 21-февралда орун алган. Алдын ала маалыматка ылайык, чек ара заставасынын өздүк курамын алмаштыруу учурунда 1997-жылы туулган жоокер Ак-74 автоматынан капысынан ок чыгарган. Ок 2002-жылы туулган У.Б. аттуу жоокерге тийген.

Жаракат алган жоокерге тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, тез арада Баткендеги облустук бириккен ооруканага жеткирилген. Бирок көрүлгөн аракеттерге карабай аскер кызматкери алган жаракатынан улам каза болгон.

Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилди. Окуя болгон жерге Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жөнөп кетишти.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10433