"Оозунан кан кеткен". Күзүндө эле аскерге чакырылган жигит каза болду
RU

"Оозунан кан кеткен". Күзүндө эле аскерге чакырылган жигит каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болду. Окуя 9-ноябрда болгонун Чек ара кызматынан кабарлашты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жоокер А.Т. уулу күзүндө аскерге чакырылган. Ыкчам кызматтын жоокери 9-ноябрда саат 05:45 чамасында аскердик бөлүктүн медициналык пунктуна дене табы жогорулганын, тамагы ооруп жатканын айтып кайрылган.

"Болжол менен саат 15:00дө анын абалы кескин начарлап, оозунан кан кеткен. Ага ыкчам түрдө "Тез жардам" кызматы чакыртылган. Жерине келген адистер жоокердин каза болгонун аныкташты", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча тергөө иштери башталды. Ошондой эле ИИМдин жана Аскер прокуратурасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жоокердин денеси союлган. Экспертизанын жыйынтыгын алуу үчүн Бишкекке жөнөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9220