Баткенде тоок фермасы өрттөлүп, курман болгон ишкердин уулуна 30 млн насыя берилген
RU

Баткенде тоок фермасы өрттөлүп, курман болгон ишкердин уулуна 30 млн насыя берилген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуя учурунда курман болгон ишкер Матиса Надыровдун тоок фермасына барды.

Эске салсак, тоок ферма Баткен районундагы Ак-Сай айылында жайгашкан. Фирмадагы чыгым ошол учурда 40 млн сом деп бааланган.

Буга чейин Министрлер кабинетинин чечими менен тоок ферманын каза болгон ээсинин 9 млн сом насыясы жоюлган болчу. Ал эми анын уулу Адилет Абдувалиевге тоок ферманы кайра калыбына келтирүү үчүн жабдууларды алууга 30 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.

Мамлекет ишкерлерге өзгөчө көңүл бурарын айткан Акылбек Жапаров: "Балам, атанын жолун улап кетүү ата үчүн чоң сыймык. Баткен жергесинде эле эмес, Кыргызстанда, ал гана эмес Борбор Азияга жумуртканы, тоок этин экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө жет. Ал үчүн мамлекет колдоо көрсөтөт", - деп билдирди Акылбек Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10510