Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза тапкандардын, дайынсыз болгондордун тизмеси
RU

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза тапкандардын, дайынсыз болгондордун тизмеси

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза болгондордун саны бүгүнкү күндө 62ге жетти. Кол салуудан бери дээрлик 10 күн өтсө да каза тапкандардын толук тизмеси жарыялана элек. Азырынча колдо бар маалыматтардын негизинде каза болгондордун аты-жөнүн тизмектедик.

Каза тапкандар

  • Элзада Маннанова, Достук айылынын жашоочусу болгон. 15 жаштагы кызга Максат айылында снаряддын сыныгы тийген.
  • Матиса Надиров, Ак-Сай айылынын тургуну. Айылдаштарынын айтымында, жеке ишкер өзү өлтүрүлүп, тоок фермасы да өрттөлгөн.
  • Арыстаналы уулу Асатбек, 19 жашта. Ала-Бука районуна караштуу Тенги айылынын тургуну, УКМКнын №2022 Капчыгай чек ара тозотунда өз аскердик милдетин аткарып жаткан.
  • Нурислам Карыбеков, 19 жашта. Сузактын Октябрь-2 айылынын тургуну.Өткөн жылы аскерге кетип, анын үйүнө кайтышына 10 күн калган.
  • Азамат Мирзакулов, 19 жашта. Ош шаарынын тургуну. Ал Айдаркендеги Капчыгай тозотунда кызмат өтөп жүргөн.
  • Асат Полотов, 19 жашта.
  • Нурбек Баратов, 19 жашта. Сүлүктү шаарынын тургуну.
  • Айдарбек Айбеков, 19 жашта. Токтогул районунун кулуну, мектепти аяктары менен эле аскердик милдетин өтөөгө кеткен. Ак-Сай заставасы жардырылганда заставанын ичинде болгон.
  • Рашид Бердибаев, 19 жашта. Кара-Кулжа районунун Жетим-Дөбө айылынын тургуну.
  • Умарбек Курманбеков, 20 жашта. Базар-Коргон районунун Коткор айылынын тургуну. 2021-жылдын сентябрь айында аскерге чакырылып, 3 күндөн кийин кызматын өтөп үйүнө кайтып келмек.
  • Амангелди Балыкчиев, 20 жашта. Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн Бообек айылынын тургуну. Ал Баткен облусунда чек ара кызматын өтөп жаткан.
  • Таалайбек уулу Данил, 20 жашта.
  • Марат Ташмурзаев, 20 жашта. Айдаркен шаарынын тургуну.
  • Абдумалик уулу Медетбек, 20 жашта. Жаңы-Жер чек ара кошуунунда фельдшер болуп иштеген.
  • Жеңишбек Иманбеков, 22 жашта. Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургуну.
  • Бактияр уулу Рамазан, 22 жашта. Таластын Манас районундагы Ичке-Суу айылынын тургуну.
  • Алишер Набиев, 22 жашта. Кулунду айылынын тургуну.
  • Рысбек уулу Бекболсун, 22 жашта.
  • Агадил Канатбеков, 23 жашта. Ысык-Көлдүн Тосор айылынын тургуну.
  • Мыктыбек Мурзажанов, 23 жашта. "Шумкар" атайын багыттагы полкунун өзүнчө ротасынын кызматкери.
  • Даниэлбек Малашев, 24 жашта. Сузак районунун Кара-Чолок айылынын тургуну.
  • Жекшенбек уулу Апсамат, 24 жашта. Ат-Башы районун Терек-Суу айылынын тургуну.
  • Чыңгыз Акчалов, 24 жашта. Таластын Бала-Саруу айылынын тургуну.
  • Данияр Казакбаев, 24 жашта. Токмок шаарынын тургуну, прапорщик болгон.
  • Муктарбек Сулайманов, 25 жашта. Санкт-Петербург шаарындагы аскердик академияны аяктап, ушул жылдын июнь айында үйлөнгөн.
  • Жаныбек Якубов, 25 жашта.
  • Алмаз уулу Бейкут, 26 жашта. Нарын районунун Эчки-Башы айылынын тургуну. Кагылышта башына, бутуна ок тийген.
  • Бекмырза Шарабидин уулу, 26 жашта.
  • Жаңыбай уулу Тилек, 26 жашта. Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылында туулган. 2021-жылы танка биатлонунун жеүүчүсү болгон.
  • Илимбек Мурзаев, 27 жашта. Аскердик кызматта иштеп жүргөнүнө 5 жылдан ашкан.
  • Акылбек уулу Баяман, 27 жашта. Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылынын тургуну, УКМКнын "Бөрү" отрядынын жоокери болгон.
  • Нурсултан Жаныбеков, 27 жашта.
  • Гүлжигит Бектенов, 27 жашта. Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу айылынын тургуну. Тажик аскерлеринин курчоосунда калган.
  • Манас Баатырбеков, 27 жашта. Баткендеги №707 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн.
  • Эламан Ураимов, 29 жашта, Алай районунан болот. Баткен районунун Бужум айылында жайгашкан аскер бөлүгүнүн командири болгон.
  • Айбек Абдилабеков, 29 жашта. Баткен облусундагы №707 аскер бөлүгүндө катардагы жоокер.
  • Эрлан Турсунбаев, 31 жашта. Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын тургуну.
  • Мирлан Какеев, 34 жашта. Аламүдүн районунун Константиновка айылынын тургуну. Баткен облусундагы № 707 аскер бөлүгүндө келишимдин негизинде кызмат өтөп жаткан.
  • Баатырбек Райимкул уулу (Орозов), 42 жашта. Чек арада кызмат өтөгөнүнө 10 жылдан ашкан.
  • Каныбек уулу Дурус, 30 жашта. Баткен облусундагы №707 аскер бөлүгүнүн кызматкери.
  • Ислам уулу Бектур, прапорщик, 31 жашта. Лейлектеги №2001 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн.
  • Абдисамат уулу Кулатбек, 31 жашта. Баткендин Ак-Татыр айылынын тургуну. Ал №2022 аскер бөлүгүнүн Орто-Боз чек ара тозотунун прапорщиги болгон.
  • Нургазы Мамытов, 34 жашта. Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айылында туулган. 2017-жылдан бери №2022 аскер бөлүгүнүн Орто-Боз чек ара заставасында кызмат кылып келген. Тажик тараптын аткылоосунан жүрөгүнө ок тийген.
  • Айбек Ысманов, 35 жашта. ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгында өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип жаткан.
  • Нургазы Боркошов, 35 жашта. Чек Ара кызматынын №2053 аскер бөлүгүнүн кызматкери, прапорщик болгон. Ок тийген.
  • Ачылбек Ташбеков, 38 жашта. Баткендеги 707-аскер бөлүгүнүн улук сержанты болуп кызмат өтөп жүргөн. Тажиктердин аткылоосунан каза тапкан.
  • Махаматжан Мапаев, Баткен шаарынын тургуну, 42 жашта. Чек ара кызматында кызмат өтөп жатып, тажик тараптын миномёт менен аткылоосунан оор жаракат алып, курман болгон.
  • Жусупбек Нарматов, 54 жашта. Паскы-Арык айылынын тургуну.
  • Шерали Анаркулов, Чек ара кызматынын аскер кызматкери – танк экпиажынын мүчөсү.
  • Санжарбек Анаркулов, Чек ара кызматынын аскер кызматкери – танк экпиажынын мүчөсү.

Дайынсыз болуп жаткандар

Дастан Анарбеков, 21 жашта. Быйыл эле Аскер институтун аяктап, Баткен облусуна кызмат өтөөгө кеткен.

Барымтага түшкөндөр

  • Санарбек уулу Адилет, 27 жашта. Тажик тарап барымтага алып, 19-сентябрда Кыргызстанга өткөрүп берген.
  • Жамал Тойчиев, 37 жашта, "Бөрү" атайын отрядынын жоокери катары Бужумда кызмат өтөйт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8599