Баткенде 20 жаштагы аскер кызматкери белгисиз заттын жарылышынан жаракат алды
RU

Баткенде 20 жаштагы аскер кызматкери белгисиз заттын жарылышынан жаракат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде УКМКнын Чек ара кызматынын жоокери белгисиз заттын жарылышынан улам жаракат алды. Бул туурасында Чек ара кызматынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, окуя 25-февралда орун алган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2021-аскердик бөлүктөгү унааларды техникалык кароодон өткөрүү пунктунда мештен өрт чыгып, белгисиз зат жарылып, анын кесепетинен 2003-жылы туулган А.М. аттуу аскер кызматкери буттарынан (териси) жаракат алган.

Жоокер дароо Раззаков шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген. Учурда бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы орто оордукта деп бааланууда.

Бул факты боюнча бардык тиешелүү органдарга маалымат берилди. Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10520