Каныбек Иманалиев президент экөө бири-бирине болгон сын-пикирди аттап өткөнүн айтты. Видео
RU

Каныбек Иманалиев президент экөө бири-бирине болгон сын-пикирди аттап өткөнүн айтты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-фералда Каныбек Иманалиевдин билим берүү жана илим министрине талапкерлиги парламенттин Социалдык саясат комитетинде каралып жатат. Анда ал өзүнүн программасына токтолуп, мугалимдердин аброюн Баткендин чек арасындай коргош керектигин белгиледи.

"Эң негизгиси акча бербей бирок мугалимдин аброюн көтөрө турган система бар. Биз мугалимдерди Баткендин чек арасын коргогондой коргошубуз керек. Ал кандай? Аким келет, инвестор келет, депутат келет, министр келет - мугалимдер залды толтурган электоратка айланып калган. Мектепке киргенде саясат токтош керек. Бир гана саясат - билим берүү. Митингге деле мугалимди, аким келсе деле мугалимди алып барабыз. Биз мыйзам менен бул нерсеге тыюу салышыбыз керек",-деди Каныбек Иманалиев.

Ал арада депутат Элмурза Сатыбалдиев президенттик шайлоодо Садыр Жапаровго атаандаш болуп, өлкөнү президенттик башкарууга өткөрүү демилгесин кескин сындап келген Иманалиевден Жапаровдун командасына кантип кошулуп калганын сурады.

Бул суроого Иманалиев Садыр Жапаров экөө бири-бирине болгон жеке сын-пикирди аттап өтүп, мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга койдук деп жооп берди.

"Мен президенттик шайлоодо оппонент болгонум бир гана максатта - парламентти, силерди коргош үчүн баш-отумду сайгам. Бирок силердин убалыңарга мурунку парламент калды, тилекке каршы, канатыңарды кыркып салды. Элдин чечимин сыйлаш керек, президенттик-парламенттик өлкөнү тандады. Садыр Нургожоевичке рахмат, бири-бирибизге болгон жеке сын-пикирди аттап өтүп, мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга койдук. Президентпи, министрби, депутатпы... Ушул жакшы салт болуп калыш керек",-деди ал.

Дагы бир эл өкүлү Айбек Маткеримов саясат менен билим берүү эки башка система экенин айтты.

"Эртең министрликтен сырткары саясий пикир келишпестиктер болуп калса "бул өкмөт туңгуюкка алып барат, Афганистан болот деп мурда эле айткан элем" деп кетип калбайсызбы?" - деген суроону узатты.

Иманалиев анда ага чоң жоопкерчилик артылып жатканын белгилеп, бул жеке өзү жана Кыргызстандын тагдыры үчүн чоң сыноо деп билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10533