Президент окуучулардын ата-энелеринен акча чогултулбашы керектигин айтты
RU

Президент окуучулардын ата-энелеринен акча чогултулбашы керектигин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Каныбек Иманалиевге мектептерде акча чогултулбасын деген тапшырма койду. Бул туурасында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Белгиленгендей, президент 25-февралда Каныбек Иманалиевди кабыл алган.

Анда, мамлекет башчы ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди (бор, чака, сүлгү жана башкалар) сатып алууга акча чогултулбасын деген тапшырма берди. Мунун баары республикалык бюджеттен каржыланарын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10521