Нарында токойчу пара алууга шектелип кармалды. Ал мурда дагы жоопко тартылган
RU

Нарында токойчу пара алууга шектелип кармалды. Ал мурда дагы жоопко тартылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунун Ат-Башы районунун токой чарбасынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан белгилешкендей, кызматкер акча алып жатканда колго түшүрүлгөн.

Белгилүү болгондой, 28-февралда 10 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда Ат-Башы районунун токой чарбасынын жумушчусу Б.А.С. кармалды. Ал буга чейин да ушундай эле аракети үчүн жоопко тартылган.

2015-жылдан 2018-жылга чейин "АКНК" (Коррупцияга каршы элдик көзөмөл) коомдук уюмунун активдүү мүчөсү болгон.

Б.А.С. узак убакыттан бери А.А.А. аттуу жаранды мурда жумушка орноштургандыгы үчүн коркутуп-үркүтүп жана шантаж жолу менен акча талап кылып жүргөн. Ага башка жакка кетпөө жөнүндө бөгөт коюу чарасы коюлду. Учурда керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10577