Коррупцияга каршы бирикменин жетекчиси пара талап кылганга шектелди
RU

Коррупцияга каршы бирикменин жетекчиси пара талап кылганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери тарабынан "Коррупцияга каршы элдик кыймыл" коомдук бирикмесинин директору кармалды. Бул тууралуу коопсуздук комитеттен бүгүн, 4-февралда кабарлашты.

Маалымдалгандай, ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен аталган коомдук бирикменин директору К.А.С. кармалды. Ал алган каражатты Кемин районунун ички иштер бөлүмүндө каралып жатат деп Кичи-Кемин айыл аймагынын башчысынан карата финансылык ишмердигин текшерүүнү токтотуу үчүн опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

Ал коомдук бирикменин статусунан пайдаланып, укук коргоо органдарында байланышы бар экенин айтып, бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө мезгил-мезгили менен суралып турган маалыматтарды жана мамлекеттик мекемелерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызыктырган башка маалыматтарды сурап турган. Талаптарын аткаруудан баш тартышса, алардын ишин текшерем деп коркутуп, прокуратурага жана Эсептөө палатасына арыз менен кайрылып, системалуу түрдө акча талап кылып жүргөн.

Мындан тышкары ал подрядчыларга кызматташууну сунуштап, тендерлерди оң чечимге чечип берүүсүн убада кылып, ал үчүн жарыяланган тендердин суммасынан 10% талап кылган. Баш тарткандарга уюмду текшерүүгө аракет кылам деп коркуткан.

Анын бул аракеттери мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле жеке уюмдардын жетекчилеринин нааразычылыгын жараткан.

Учурда К.А.С. УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. 208-берененин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10198