Баткенде 40 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Жакындары экспертизадан баш тартышкан
RU

Баткенде 40 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Жакындары экспертизадан баш тартышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде дайынсыз болуп изделген кишинин жансыз денеси табылган. Маркум асынып алганын облустук милициядан ырасташып, окуянын жагдайларын айтышты.

Айтылгандай, 23-февралда Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 54 жаштагы Х.К. аттуу тургуну милицияга кайрылган. Ал 40 жаштагы К.К. бир тууганы 17-февралда үйүнөн чыгып кеткен бо.нча белгисиз экенин айткан.

Арыз электрондук журналга катталып, дайынсыз жоголгон адамды издөө иштери жүргүзүлгөн. Ошол эле күнү саат 17:25 чамасында К.К. короодо асынып алганы белгилүү болгон. Анын колу-буту байланган деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Текшерүүдө К.К. кошунасынын мал сарайында асынып алганы, айыл тургундары тарабынан каза болгон жарандын жансыз денесин өзүнүн үйүнө киргизилгени такталган. Жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анын моюнунда жиптин изи калгандыгы аныкталган.

Маркумдун бир туугандары экспертизадан баш тартышып, эч кимге арыз доосу жок экендигин билдиришип, тил кат менен кайрылышкан. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10581