Ысык-Атада мүлк талашкандардын бири мыкаачылык менен өлтүрүлгөн
RU

Ысык-Атада мүлк талашкандардын бири мыкаачылык менен өлтүрүлгөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Ата районунун Таш-Башат айылында мыкаачылык менен өлтүрүлүп, сөөгү жерге көмүлгөн адамдын өлүмүнө шектүү аныкталды. Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, окуя былтыр ноябрь айында катталган.

Маалымдалгандай, 21-ноябрда денесинде ар кандай жаракаттары бар, жерге көмүлгөн 45-50 жаш курактагы белгисиз адамдын сөөгү табылган. Соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен жансыз денени кароо учурунда, бычактан алган жаракаттары бар экени аныкталган.

Бул факты боюнча 122-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Териштирүүнүн жүрүшүндө маркум 1974-жылы туулган Д.К. экендиги аныкталган. Ал Бишкек шаардык Октябрь РИИБи тарабынан 2022-жылдын 18-октябрынан бери дайынсыз болуп изделип жаткандыгы такталды.

Узак мөөнөттө жүргүзүлгөн комплекстүү тергөөнүн алкагында кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөөнүн жүрүшүндө бул кылмыш мүлк талашуудан улам келип чыкканы аныкталганын белгилешти милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10180