Чүйдө 9 жашар кызга кошунасы ыдык көрсөткөнгө шектелди. Тажрыйбалуу адистер тобу түзүлдү
RU

Чүйдө 9 жашар кызга кошунасы ыдык көрсөткөнгө шектелди. Тажрыйбалуу адистер тобу түзүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Сокулук районунда 9 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөткөнгө кошунасы шектелүүдө. Бул факты боюнча объективдүү тергөө жүрүп жатканын облустук милициядан кабарлашты.

Маалым болгондой, ушул жылдын 6-февралында Сокулук РИИБине Т.Н. аттуу жаран кайрылган. Ал 2013-жылы туулган К.Р. аттуу кызына 2022-жылдын декабрь айынан тарта кошунасы сексуалдык ыплас аракеттерди жасаганын айтып, чара көрүүнү суранган.

Аталган факты 158-берене (ыплас иш-аракеттер) менен каттоого алынып, кылмыш иши ачылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүп жатат. Экспертизанын корутундусу чыга электигине байланыштуу күнөөлүү тараптын аракеттерине юридикалык баа берүү мүмкүн боло элек.

Кылмыш иши боюнча тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн турган топ түзүлүп, иш Чүй ОИИББдин жеке көзөмөүнө алынды. Териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча кошумча маалымат берилерин айтышат милициядан.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10602