Сокулукта кошуналары тарабынан зордукталган баланын окуясы: Тергөө 1 айга жанданды
RU

Сокулукта кошуналары тарабынан зордукталган баланын окуясы: Тергөө 1 айга жанданды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта 11 жаштагы бала эки кошунасы тарабынан зордукталганы, бирок күнөөлүүлөр жоопко тартылбай жатканын жабырлануучунун ата-энеси Kaktus.media сайтына айтышкан.

Бул окуя боюнча Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан түшүндүрмө беришти. Милициянын билдирүүсүндө окуя 2021-жылы июнь айында каттоого алынганы айтылат.

2021-жылдын 7-июнунда 1941-жылы туулган П.Б. Сокулук РИИБине арыз жазган. Ал 2010-жылы туулган П.Р аттуу уулуна март айынан тарта О. жана М. аттуу балдар сексуалдык аракеттерди жасап келгенин айтып, чара көрүүнү суранган.

Бул арыздын негизинде 162-берене (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) менен кылмыш иши козголгон. Иш боюнча бардык зарыл экспертизалар дайындалып, арыз ээси П.Б., ошондой эле мыйзамдуу өкүлдүн жана социалдык кызматкердин катышуусунда жашы жете элек П.Р. суракка алынган. Мындан тышкары шектүү делинген 2001-жылы туулган А.О. сурак берген.

Тергөөнүн жүрүшүндө арыз ээси тосмо арыз жазган. Анда ал зордуктоо фактысы болбогондуктан сотко чейинки өндүрүштү токтотууну суранган жана баласы ачууланып, жогорудагы адамдарга жалаа жапканы айтылган. Ошондой эле дарыгерлер баланын ден соолугу жайында экенин тастыкташкан.

2021-жылдын 12-июнунда Сокулук РИИБдин тергөөчүсү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Чечимдин негиздүүлүгүн текшерүү үчүн сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Сокулук районунун прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Андан ары кылмыш иши жактоочунун өтүнүчү боюнча кайра улантылып, ошондой эле КР мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси 155-беренесине (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) кайра классификацияланган.

Мындан тышкары адвокаттын өтүнүчү менен комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок комиссиялык экспертизанын корутундусу дале даяр боло элек, буга байланыштуу тергөө мөөнөтү аяктагандыктан кылмыш иши 246-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту менен токтотулган.

2023-жылдын 28-февралында Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан кылмыш иши 1 айлык мөөнөткө жанданып, тергөө иштери уланып баштаганы кабарланды.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10601