Лионель Месси Аргентинанын оюнчулары үчүн алтын капталган 35 iPhone сатып алды
RU

Лионель Месси Аргентинанын оюнчулары үчүн алтын капталган 35 iPhone сатып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын башкы жылдызы, аргентиналык чабуулчу Лионель Месси жеңиштен кийин командалаштарына алтын белектерди берүүнү чечти. The Sun басылмасынын маалыматына караганда, Месси Аргентина курама командасынын оюнчулары жана мүчөлөрү үчүн 35 iPhone сатып алган.

"Лионель Дүйнөлүк чемпионаттын финалынан 2 ай өткөндөн кийин биз менен байланышты. Ал дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жеткен командасы үчүн адаттан тыш белектерди жасагысы келгенин айтты. Алтын түстөгү смартфондорду сунуштагам, ага бул идея жакты. Ал командалаштарына жана машыктыруучуларына алтын iPhone 14 буюртма кылды", - деп билдирген Indesign Gold компаниясынын жетекчиси.

Месси 24 караттык алтын каптамасы бар iPhone 14 смартфондорун сатып алган.

Смартфондордун жалпы баасы 210 миң доллардын тегерегинде. Ар бир смартфонго спортчулардын аты-жөнү, оюндагы номерлери жана Аргентина футбол ассоциациясынын логотиби чегилгени айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10621