ФИФА 2022-жылдын мыкты оюнчусун аныктады
RU

ФИФА 2022-жылдын мыкты оюнчусун аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аргентиналык футболчу, ПСЖ клубунун чабуулчусу Лионель Месси ФИФАнын версиясы боюнча 2022-жылдын мыкты оюнчусу деп табылды.

Бул сыйлыкка талапкерлердин тизмесинде Килиан Мбаппе (ПСЖ, Франция) жана Карим Бензема (Реал Мадрид, Франция) да болгон.

28-февралга караган түнү Парижде ФИФАнын The Best сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү. Анда:

  • Лионель Месси - мыкты оюнчу;

  • Лионель Скалони (Аргентина курама командасынын башчысы) - мыкты машыктыруучу;

  • Эмилиано Мартинес (Аргентина курамасы) - мыкты дарбазачы болуп табылды.

35 жаштагы Месси 2022-жылы Катарда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатында Аргентинага жеңиш алууга жардам берген. Дүйнө чемпиондугунда ал жети гол киргизип, үч пас берген.

Белгилей кетсек, Лионель Месси муну менен үчүнчү ирет мыкты оюнчу деп табылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10555